Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) ломбард уюмдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтому менен “Ломбард иши маселелери боюнча”, Кыргыз Республикасынын “Ломбарддардын иши жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынгандыгы, ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө талаптар белгиленгендиги жөнүндө маалымдайт.
Көрсөтүлгөн токтомго ылайык, күрөөканалардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкүдөй болушу керек:
1) 2025-жылдын 1-январынан баштап – кеминде 3 000 000 (үч миллион) сом;
2) 2026-жылдын 1-июлунан баштап – кеминде 7 000 000 (жети миллион) сом;
3) 2027-жылдын 1-июлунан баштап – кеминде 14 000 000 (он төрт миллион) сом;
4) 2028-жылдын 1-июлунан баштап – кеминде 20 000 000 (жыйырма миллион) сом.
Ушуга байланыштуу Финкөзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык уставдык капиталдын өлчөмүн өз убагында жөнгө салуу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо зарылчылыгы жөнүндө ломбард уюмдарынын жетекчилерине жана негиздөөчүлөрүнө маалымдайт.



