2026-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, ошондой эле финансы мекемелеринин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 39-п буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата Иш-аракеттер планынын 314-пунктун ишке ашыруунун алкагында, айыл чарбасында кампалык каржылоо механизмин өркүндөтүү маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу жолугушуу өткөрүштү.
Ведомстволор аралык жумушчу жолугушуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Акунбеков Эрлист Абакировичтин төрагалыгы астында өттү.
Жолугушуунун негизги максаты Иш-аракеттер планында каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо болду, анын ичинде электрондук кампа күбөлүктөр системасын киргизүү, кампалык сактоонун кепилдик механизмдерин түзүү, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга керектүү өзгөртүүлөрдү даярдоо.
Жыйында Кыргыз Республикасынын “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” Мыйзамын өркүндөтүү боюнча төмөнкү сунуштар каралды:
– кампа күбөлүктөрүнүн кагаз түрүнөн электрондук формага өтүү;
– кампа күбөлүктөрү берилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмесин кеңейтүү;
– тиешелүү реестрлерди жүргүзүү боюнча функцияларды депозитардык уюмдарга өткөрүп берүү;
– товардык кампалардын жоопкерчилигин камсыздандыруу механизмин киргизүү;
– товардык биржаларда кампа күбөлүктөрүнүн жүгүртүлүшү үчүн укуктук шарттарды түзүү.
Жолугушуунун жыйынтыгында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү улантуу, ошондой эле кампалык каржылоо системасын мындан ары өнүктүрүүгө жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган керектүү ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу иштерин тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.




