Финкөзөмөл «НСК» ЖАКтын камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө берилген лицензияларынын колдонулушун убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдайт.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Финкөзөмөлдүн көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.




