Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 432 токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө Жобо бекитилгендигин маалымдайт.
Аталган Жобо лизинг ишин жүзөгө ашыруунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, лизинг ишинин субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын лизинг рыногун жөнгө салууга жана өнүктүрүүгө багытталган башка талаптарды аныктайт.
Ушуга байланыштуу лизинг компаниялары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө аталган Жобонун талаптарын жетекчиликке алып, ички документтерин, бизнес-процесстерин жана жол-жоболорун анын талаптарына ылайык келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүшү зарыл.
Аталган ченемдик укуктук акт расмий жарыяланган жана күчүнө кирген күндөн тартып анын жоболору Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн бардык лизинг компаниялары тарабынан милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.



