Урматтуу жарандар! Кыргыз Республикасынын аймагында социалдык тармактар аркылуу Финкөзөмөл тарабынан берилген деп көрсөтүлгөн “Мамлекеттик криптотрейдердин бирдиктүү лицензиясы” («Единая лицензия государственного криптотрейдера») аттуу жасалма документтин көчүрмөсүн колдонуп, жарандарга аз өлчөмдөгү акча каражатын салып, 2–3 сааттын ичинде 3 500 сомдон 120 000 сомго чейин киреше табуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган алдамчылык мүнөздөгү жарнамалар жарыяланып жаткандыгын билдиребиз.
Эскертүү! Кыргыз Республикасынын аймагында “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, виртуалдык активдер чөйрөсүндө иш жүргүзүү укугу тиешелүү лицензияны же уруксат берүүчү документти алган юридикалык жактарга гана берилет.
Ошону менен бирге, Финкөзөмөл тарабынан жеке жактарга “Мамлекеттик криптотрейдердин бирдиктүү лицензиясы” («Единая лицензия государственного криптотрейдера») берилбегендигин жана көрсөтүлгөн лицензия/уруксат кагазы чындыкка дал келбей тургандыгын жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик криптотрейдердин бирдиктүү лицензиясы тууралуу ишмердүүлүктүн түрү каралбагандыгын билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын “Виртуалдык активдер жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайык, виртуалдык активдер менен ишмердүлүктүү жүргүзүү укуктары, тиешелүү түрдө лицензия/уруксат документтерин алган юридикалык жактарга гана берилген.
Ошону менен бирге эле, Финкөзөмөл тарабынан жеке жактарга мамлекеттик криптотрейдердин бирдиктүү лицензиясы (Единая лицензия государственного криптотрейдера) берилбегенин жана көрсөтүлгөн лицензия/уруксат кагазы чындыкка дал келбей тургандыгын жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик криптотрейдердин бирдиктүү лицензиясы тууралуу ишмердүүлүктүн түрү каралбагандыгын билдиребиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Финкөзөмөл жарандарды ар кандай шылуундардын азгырыгынан сак болууга, жалган жана мыйзамсыз жарнамаларга алданбоого чакырат. Ошондой эле көрсөтүлгөн лицензиялардын жана уруксат берүүчү документтердин мыйзамдуулугун тиешелүү мамлекеттик органдардан сөзсүз түрдө тактоо зарылдыгын эскертет.





