Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер рыногунун ачык-айкындуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралардын күчөтүлүшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ишмердүүлүгүнө күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүүдө.
Мониторингдик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын бузулушунун алдын алууга, терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө (КИК/ККЛКА), ошондой эле эл аралык санкциялык режимдерди айланып өтүүгө байланышкан тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулат:
- виртуалдык активдер рыногунун субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына;
- кардарларды идентификациялоо жана талаптагыдай текшерүү (KYC) боюнча талаптардын аткарылышына;
- шектүү операцияларды өз убагында аныктоого жана алар жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүүгө;
- санкциялык чектөөлөрдүн жана экспорттук контролдоо чараларынын сакталышына;
- ички комплаенс-көзөмөл жана тобокелдиктерди башкаруу системаларынын болушуна жана натыйжалуулугуна;
- виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн операциялардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга.
Жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында Финкөзөмөл өлкөнүн финансы тутумуна болгон ишенимди бекемдөө жана эл аралык стандарттарга, анын ичинде Financial Action Task Force (FATF) уюмунун сунуштарына шайкеш келүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, эл аралык өнөктөштөр жана виртуалдык активдер рыногунун катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү улантат.
Финкөзөмөл виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ички контролдоо жол-жоболорун өз убагында жаңыртып турууга жана виртуалдык активдерди мыйзамсыз максаттарда пайдалануунун алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырат.
Көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү иш-чараларынын күчөтүлүшү Кыргыз Республикасынын финансылык коопсуздугун чыңдоо, виртуалдык активдер рыногунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана эл аралык баалоо жол-жоболорунан ийгиликтүү өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат.



