
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында иш-чараларды ишке ашырууну улантууда. Аталган стратегия Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген.
Иш-чаралар 2025–2027-жылдарга орто мөөнөттүү мезгилге карата Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын, ошондой эле 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Белгиленген милдеттерди аткаруу максатында Финкөзөмөл Экономика жана коммерция министрлигинин карамагындагы түзүм катары коррупцияга каршы маданияттын деңгээлин жогорулатууга, бизнес-чөйрөдө ачык-айкындуулукту жана ак ниеттүүлүктү камсыз кылууга, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу механизмдерин өркүндөтүүгө жана ишкердик этиканын бирдиктүү стандарттарын калыптандырууга багытталган комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашырууда.
Финкөзөмөл финансылык рыноктун ачыктыгын камсыз кылууга, мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жогорулатууга жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуунун натыйжалуу системасын калыптандырууга багытталган иштерди ырааттуу түрдө улантат.



