Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкерлер үчүн өткөрүлүүчү квалификациялык аттестацияга катышуу боюнча документтерди кабыл алуу мөөнөтү узартылганын маалымдайт.
Мөөнөттү узартуу жөнүндө чечим Финкөзөмөлдүн Аттестациялык комиссиясы тарабынан 2026-жылдын 29-майында талапкерлердин аттестацияга катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана документтерди өз убагында тапшыруу үчүн кошумча шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Бекитилген чечимге ылайык, документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын
2-июнуна чейин (кошо алганда) узартылды.
Ушуга байланыштуу квалификациялык аттестацияны өткөрүү графигине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан алууга болот.


