КӨҢҮЛҮНӨ!
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) төмөнкүлөрдү билдирет:
2023-жылдын 6-декабрында Эл аралык бухгалтерлер федерациясы (International Federation of Accountants, IFAC) тарабынан “Аз татаал уюмдардын финансылык отчетуна аудит жүргүзүү боюнча аудиттин эл аралык стандарты” – жаңы стандарты чыгарылган.
Аталган стандарт аудит процедураларын жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан жана аз татаал түзүмгө ээ уюмдардын финансылык отчеттуулугун аудит жүргүзүүдө колдонулат, ошол эле учурда аудиттик корутундунун сапатын жана ишенимдүүлүгүн сактоого багытталган. Стандартты колдонуу аудиттин натыйжалуулугун жогорулатууга, административдик жүктү азайтууга жана аудиторлор үчүн түшүнүктүү жана практикалык талаптарды камсыздоого багытталган.
Стандарттын орус тилине расмий котормосу 2025-жылдын 22-июлунда жүргүзүлгөн. Ал 2025-жылдын 15-декабрынан баштап башталган отчеттук мезгилдер үчүн аудиттерге карата күчүнө кирет.
Аталган стандарт Финкөзөмөлдүн расмий сайтында жеткиликтүү: https://fsa.gov.kg/2026/05/15/audit-standard-lce .



