Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) жарандарды жана финансы рыногунун катышуучуларын жеке жактардын акча каражаттарын мыйзамсыз тартуу фактылары аныкталгандыгы жөнүндө маалымдайт.
Акыркы убакта Финкөзөмөл тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиялары же Финкөзөмөлдүн уруксаттары жок жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК-ОсОО) жана жабык акционердик коом (ЖАК-ЗАО) формасындагы коммерциялык уюмдар жарандарга жылына 20% жана андан жогору кепилденген киреше убада кылуу менен «инвестициялык насыя келишимдерин» же «инвестициялоо келишимдерин» түзүүнү сунуштап жаткан фактылары катталууда.
Финкөзөмөлдүн түшүндүрмөсү:
• Аманаттарды жана депозиттерди тартуу: Калктын акча каражаттарын кайтарымдуулук, төлөмдүүлүк жана мөөнөттүүлүк шарттарында тартуу банктык операция болуп саналат. Мындай ишти Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген расмий лицензиясы бар коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар гана жүргүзүүгө укуктуу.
• Баалуу кагаздар аркылуу инвестицияларды тартуу: Коммерциялык компаниялар тарабынан инвестициялык инструменттерди (акциялар, облигациялар) чыгарууга жана ачык жайгаштырууга эмиссия проспектиси Финкөзөмөлдө катталгандан кийин гана жол берилет.
• Кадимки ЖЧКлар (ОсОО) тарабынан сунушталган «инвестициялык насыя келишимдери»: Жөнөкөй коммерциялык компаниялардын (автоунааларды тейлөө, лизинг, соода ж.б. менен алектенген) жарандар менен пайыз төлөө шарты менен массалык насыя келишимдерин түзүшү мыйзамдуу инвестициялык иш болуп эсептелбейт жана мыйзамсыз финансылык/банктык иштин белгилерин камтыйт.
Жөнгө салуучу орган тарабынан көрүлүп жаткан чаралар:
Азыркы учурда Финкөзөмөл Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте бир катар компанияларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерүү жана жарандардын акча каражаттарын мыйзамсыз тартуу схемаларын токтотуу боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө.
Жарандар үчүн эскертүү:
Финкөзөмөл жарандарды сак болууга чакырат жана коммерциялык компанияларга акча каражаттарын берүүдөн мурда төмөнкүлөрдү аткарууну сунуштайт:
- Компаниянын лицензиясынын/күбөлүгүнүн бар экендигин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (www.nbkr.kg) же Финкөзөмөлдүн (www.fsa.gov.kg) расмий сайттарынан текшерүү.
- «Насыя/инвестициялоо келишимдери» боюнча кепилденген жогорку пайыздык киреше убада кылган жарнамаларга жана айрым адамдардын сунуштарына ишенбөө.
- Мындай схемалар аныкталган учурда дароо Финкөзөмөлгө же укук коргоо органдарына кайрылуу.




