Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун катына таянып, күрөөкана ишмердүүлүгүнүн субъекттерине күрөөкана уюмдары үчүн 12 сааттык атайын семинар өткөрүлө тургандыгын билдирет.
Семинардын темасы: «Кылмыштуу иштин каржыланышына жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү».
Семинардын максаты: Кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында билимди жана практикалык көндүмдөрдү жогорулатуу, кардарды тийиштүү текшерүүдөн өткөрүүдө тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу, акчаны адалдоонун жана терроризмди каржылоонун жаңы тобокелдиктери, ыкмалары жана тенденциялары менен таанышуу.
Аудитория: Ломбард уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери.
Баасы: 4000 (төрт миң) сом.
Датасы жана убактысы: 2026-жылдын 14-апрели, саат 9:30 – 18:00.
Өткөрүлүүчү жери: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 21 «А».
Окуу курсуна кабыл алуу үчүн 2026-жылдын 10-апрелине чейин (кошулган) info@umc.kg электрондук дарегине уюмдан кат-арыз жөнөтүү зарыл.
Кошумча суроолор боюнча төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0702325418 (W/a), 0706 25 26 00 (W/a).



