2026-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында Финкөзөмөлдүн төрагасы Маматов К.А., ислам каржылоо тармагы боюнча эл аралык эксперт Осман Кассимдин, ошондой эле финансы секторунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында исламдык камсыздандырууну (такафул) андан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде учурдагы “ислам терезеси” моделинен исламдык камсыздандыруунун толук кандуу системасына өтүү маселелери талкууланды.
Толук кандуу исламдык камсыздандырууну киргизүү каржылык продуктылардын шариат принциптерине ылайык келишин камсыз кылууга, калк үчүн камсыздандыруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана рыноктогу каржылык инструменттердин түрлөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.
Ислам каржылоо жаатында ченемдик укуктук жөнгө салуу, институционалдык өнүгүү жана эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасында исламдык камсыздандыруунун толук кандуу моделин өнүктүрүүгө жана киргизүүгө багытталган мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.



