2026-жылдын 17-ноябрында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) «Жашыл инвестицияларга жана туруктуу экономикалык өсүшкө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында «Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү жаатындагы отчеттуулукту өнүктүрүү» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара маалымдуулукту жогорулатууга, кайтарым байланыштарды чогултууга жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (IFRS) S1 жана S2 стандарттарын киргизүүгө даярдык көрүүгө (анын ичинде 2027-жылдын 1-январынан тартып баштала турган пилоттук долбоордун алкагында) багытталды. Катышуучулар ISSBнин туруктуу өнүгүү жана климат жаатындагы маалыматтарды ачып көрсөтүү боюнча негизги талаптарын, олуттуулук концепциясын, өткөөл жеңилдиктерди жана улуттук өзгөчөлүктөрдү, ошондой эле колдонуудагы ESG багыттарын эске алуу менен уюмдарда стандарттарды киргизүүнүн практикалык кадамдарын талкуулашты.
2026-жылдын 18-ноябрында Туруктуу өнүгүү жаатындагы отчеттуулуктун эл аралык стандарттар кеңеши (ISSB) тарабынан чыгарылган туруктуу өнүгүү жаатындагы отчеттуулуктун эл аралык стандарттары — ФОЭС (IFRS) S1 жана ФОЭС (IFRS) S2 боюнча тренинг өткөрүлдү. Иш-чара 2027-жылдын 1-январынан тартып пилоттук долбоорду ишке киргизүүгө жана 2027-жылы өткөрүлө турган кийинки тереңдетилген практикалык семинарга даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулду.
Тренингге ESG-отчеттуулугун даярдоо боюнча базалык тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын 12 пилоттук уюмунун бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Программанын негизги темалары
– ISSB стандарттарынын ролу: инвесторлор үчүн туруктуу өнүгүү жөнүндө салыштырууга мүмкүн болгон маалыматтын мааниси, тобокелдиктер менен мүмкүнчүлүктөрдүн (анын ичинде физикалык жана өткөөл климаттык факторлордун) бизнеске жана финансылык көрсөткүчтөргө тийгизген таасири.
– ФОЭС (IFRS) S1 жана S2: стандарттардын түзүмү, концептуалдык негиздери, финансылык олуттуулук, төрт тематикалык блок (корпоративдик башкаруу, стратегия, тобокелдиктерди башкаруу, көрсөткүчтөр жана максаттуу маанилер), ошондой эле парник газдарынын чыгарылышын ачып көрсөтүү (1, 2 жана 3-камтуу).
– Өткөөл мезгил жана шайкештик: стандарттарды биринчи жолу колдонууда каралган жеңилдетүү механизмдери, анын ичинде биринчи жылы «климатка артыкчылык берүү» принциби боюнча бошотуу, 3-камтуу жана салыштырма маалыматтарды ачып көрсөтүү боюнча жеңилдиктер.



