Финкөзөмөлдүн төрагасы Кайрат Маматов БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) жана Катар Мамлекети тарабынан 25–27-октябрда Доха шаарында уюштурулган 9-Дүйнөлүк инвестициялык форумга (WIF 2026) катышты.
Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жетектеди.
Форумда инвестицияларды тартуу, финансы рынокторун өнүктүрүү жана туруктуу каржылоо маселелери талкууланды.







