2026-жылдын 16-ноябрында Финкөзөмөлдө Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер рыногуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелерине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Финкөзөмөл тарабынан виртуалдык активдер рыногунун учурдагы абалы, операциялардын динамикасы жана көлөмү, ошондой эле виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн (ВАКК) ишине мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
Өзгөчө көңүл Финкөзөмөлдүн ВАККлардын ишине мониторинг жүргүзүү, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоосун контролдоо, тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо, ошондой эле виртуалдык активдер рыногундагы операциялардын ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында көзөмөлдөө механизмдерин колдонуу боюнча ыйгарым укуктарына бурулду.




