Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы №455 «Кыргыз Республикасында жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү тартибин жана инвестициялык консультант тарабынан инвестициялык консультация берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынып, аны менен Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногунда жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү тартиби жана Кыргыз Республикасында инвестициялык консультант тарабынан инвестициялык консультация берүү тартиби бекитилди.
Документ Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын 9-берененин 3-пунктун аткаруу иретинде иштелип чыккан.
Токтомдун максаты инвестициялык консультанттарга карата бирдиктүү талаптарды белгилөө, инвестициялык сунуштарды берүү эрежелерин аныктоо, жеке инвестициялык эсептерди ачуу жана жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин түзүү, инвесторлордун жана кардарлардын укуктарын коргоону камсыз кылуу, баалуу кагаздар рыногунда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык инфраструктурасын өнүктүрүү болуп саналат.
Токтомдо төмөнкүлөр каралган:
– кардар менен оператордун ортосундагы келишимдин негизинде жеке инвестициялык эсепти ачуу тартиби;
– кардар тарабынан берилүүчү документтердин тизмесине коюлуучу талаптар;
– жеке инвестициялык эсеп боюнча жол берилген операциялардын тизмеси жана аны пайдаланууга чектөөлөр;
– эсепти жүргүзүү тартиби, анын ичинде активдерди өзүнчө эсепке алуу жана Улуттук депозитарий менен өз ара аракеттенүү;
– жеке инвестициялык эсепти жабуунун негиздери жана тартиби, ошондой эле оператордун жана кардардын жоопкерчилик чаралары;
– инвестициялык консультанттын квалификациясына коюлуучу талаптар, анын ичинде жогорку билиминин жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун статусунун болушу;
– инвестициялык консультанттардын реестринде каттоо жана каттоодон баш тартуу үчүн негиздер;
– консультанттын укуктары жана милдеттери, анын ичинде тобокелдиктерди ачып көрсөтүү, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана купуялуулукту сактоо;
– инвестициялык сунуштардын мазмунуна коюлуучу талаптар жана кепилденген кирешени убада кылууну камтыган тыюу салынган аракеттердин тизмеси.
Бул тартиптердин кабыл алынышы жеке инвестициялык консультанттардын ишин жана жеке инвестициялык эсептердин иштөө механизмдерин системалуу жана бирдиктүү укуктук жөнгө салууну камсыз кылып, инвесторлордун жана кардарлардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.




