2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү, калкты камсыздандыруу коргоо механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле камсыздандыруу учурлары болгондо турак жайларга келтирилген зыяндын өз убагында ордун толтуруу максатында иштелип чыккан. Кабыл алынган өзгөртүүлөр учурдагы укуктук боштуктарды жоюуга жана турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу маселелерин жөнгө салуучу жарандык жана камсыздандыруу мыйзамдарынын айрым ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунда турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулун түзүү каралган, ал камсыздандыруу уюмдарынын каржылык ресурстарын консолидациялоону, камсыздандыруу тутумунун финансылык туруктуулугун жогорулатууну, камсыздандыруу тобокелдиктерин натыйжалуу бөлүштүрүүнү жана камсыздандыруу учурлары болгондо жарандарга өз убагында камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүнү камсыз кылат.




