Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 219 токтомун аткаруу иретинде «Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жана Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоого жана кайра каттоодон өткөнгө төлөм белгилөө жөнүндө» Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү механизми бекитилгендигин маалымдайт.
Камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер Бирдиктүү мамлекеттик актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлеринин мамлекеттик реестринде катталып, мамлекеттик каттоо номерин (МКН) алышы керек. Бекитилген Тартипке ылайык, Бирдиктүү мамлекеттик актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлеринин мамлекеттик реестри Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык система болуп саналат. Реестр мыйзамда белгиленген тартипте камсыздандыруу рыногунун субъекттери жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну, каттоодон өткөрүүнү, кайра каттоодон өткөрүүнү жана жаңыртууну камсыз кылат.
Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоо номеринин (МРН) болушу Кыргыз Республикасында камсыздандыруучу брокердин жана актуарийдин ишин жүзөгө ашыруу үчүн милдеттүү шарт экендигине көңүл бурабыз.
Буга байланыштуу Финнадзор камсыздандыруу рыногунун баардык субъекттерин мыйзамдардын талаптарын өз убагында аткарууну камсыз кылууга жана Актуарийлердин жана камсыздандыруучу брокерлердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоодон өтүүгө чакырат.



