Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы жана улук топторундагы бош кызмат орундарын толтуруу үчүн резервге кадрларды ачык конкурстук тандап алууну “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) жарыялайт.
Кадр резервине кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) курагы 21 жаштан төмөн болбоого;
3) кадр резервине кирүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Жалпы жана предметтик мыйзамдарды билүүгө өткөрүлгөн компьютердик тестирлөөгө ченемдик укуктук актылардын тизмелеринде көрсөтүлгөн тесттердин суроолору киргизилет.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобундагы бош кызмат орундарында иштөө үчүн төмөнкү талаптар коюлат:
1. Кесиптик билим деңгээлге:
– экономика, финансы, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатында жогорку билиминин болушуна;
– рыноктук экономиканын шарттарында экономикалык статистика жана мамлекеттик жөнгө салуу боюнча кошумча кесиптик билиминин болушуна.
2. Стажка жана иш тажрыйбага:
– мамлекеттик кызматтагы же муниципалдык кызматтагы стажынын жыйындысы үч жылдан кем болбошуна, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө беш жылдан кем эмес иш стажынын болушуна.
3. Төмөнкүлөрдү билүүгө:
– жалпы мыйзамдарды:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
5) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
9) “Маалыматтарга жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы”.
– предметтик мыйзамдарды:
1) “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
2) “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3) “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4) “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) “Ломбард иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө” Жобону.
4. Иш билгиликке:
– мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле чет тилин (зарыл болсо) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө билүүгө;
– электрондук документтер жана мамлекеттик маалымат системалары менен иштөө көндүмдөрүн кошо алганда, санариптик сабаттуулуктун негиздерин кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө билүүгө;
– бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө керектүү талдоолорду, божомолдоолорду, жалпылоону, мониторингди, контролду жана интегралдашкан мамиле жасоону билүүгө;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоого жана чечүүгө;
– ишти пландаштырууга жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонууга;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөөчүлүккө;
– кыйын кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкер болуу жөндөмүнө;
– башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжаларына жоопкер болуу жөндөмүнө;
– өз ишинин натыйжалуулугун пландаштыруу жөндөмүнө.
5. Көндүмдөргө:
– түзүмдүк бөлүмдү башкарууга (баш ийген кызматкерлерге тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүүгө, стратегиялык максаттарды жана жетекчиликтин көз карашын баш ийген кызматкерлерге сапаттуу маалымдап жеткирүүгө, башкаруу чечимдерин кабыл алууга жана ишке ашырууга, иштин жаңы ыкмаларын жана усулдарын изилдөөгө);
– маалыматты талдоого, системалаштырууга жана жалпылоого;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөөгө жана аларды иш жүзүндө колдонууга;
– өз ара мамилелерди майнаптуу түзүүгө, ишкер этикеттин ыкмаларын билүүгө, кеңешмелерди, жолугушууларды бет ачарларда, өткөрүүгө, коомчулук алдында чыгып сүйлөөгө жана ишкер кат жазышууларды жүргүзүүгө.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобундагы бош кызмат орундарында иштөө үчүн төмөнкү талаптар коюлат:
1. Кесиптик билим деңгээлге:
– экономика, финансы, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатында жогорку билиминин болушуна;
– рыноктук экономиканын шарттарында экономикалык статистика жана мамлекеттик жөнгө салуу боюнча кошумча кесиптик билиминин болушуна.
2. Стажка жана иш тажрыйбага:
– мамлекеттик кызматтагы же муниципалдык кызматтагы стажынын жыйындысы бир жылдан кем болбошуна, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажынын болушуна.
3. Төмөнкүлөрдү билүүгө:
– жалпы мыйзамдарды:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
3) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы”.
– предметтик мыйзамдарды:
1) “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
2) “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3) “Ломбард иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4) “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө” Жобону.
4. Иш билгиликке:
– мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле чет тилин (зарыл болсо) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө билүүгө;
– электрондук документтер жана мамлекеттик маалымат системалары менен иштөө көндүмдөрүн кошо алганда, санариптик сабаттуулуктун негиздерин кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө билүүгө;
– бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө керектүү талдоолорду, божомолдоолорду, жалпылоону, мониторингди, контролду жана интегралдашкан мамиле жасоону билүүгө;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоого жана чечүүгө;
– ишти пландаштырууга жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонууга;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөөчүлүккө;
– кыйын кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкер болуу жөндөмүнө;
– башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжаларына жоопкер болуу жөндөмүнө;
– өз ишинин натыйжалуулугун пландаштыруу жөндөмүнө.
5. Көндүмдөргө:
– маалыматты талдоого, системалаштырууга жана жалпылоого;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөөгө жана аларды иш жүзүндө колдонууга;
– өз ара мамилелерди майнаптуу түзүүгө, ишкер этикеттин ыкмаларын билүүгө, кеңешмелерди, жолугушууларды бет ачарларда, өткөрүүгө, коомчулук алдында чыгып сүйлөөгө жана ишкер кат жазышууларды жүргүзүүгө.
Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “Е-Кyzmat” https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу арызды электрондук түрдө берсе болот. Арызга электрондук түрдөгү төмөнкү документтерди (көчүрмөлөнгөн документтерди) тиркөө керек.
– мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөткөн жеке арызды;
– паспорттун көчүрмөсүн;
– резюмени (телефонунун номерин (вотсапты), электрондук почтасын, жеке далдаштыруу (ПИН) номерин жана соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымдаманы көрсөтүү менен);
– кадрлардын эсеби алынуучу жеке баракчаны;
– өмүр баянды;
– негизги жана кошумча билимди тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
– илимдин даражасын жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
– жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга талапкердин макулдугун.
Документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана андан аркы ачык конкурска катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болууга тийиш.
2026-жылдын 9-апрелинен тартып 27-апрелдин аралыгында саат 9:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү даректе конкурска катышуучулардын документтери кабыл алынат:
Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 114, 327, 323-кабинеттер. Суроолорго жоопторду 0 (312) 96 13 09 жана уюлдук +996 (550) 55 88 50 телефон номерлеринен алсаңыздар болот.



