2026-жылдын 17–18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында (Финкөзөмөл) Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) «Жашыл инвестицияларга жана туруктуу экономикалык өсүшкө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында «Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү жаатындагы отчеттуулукту өнүктүрүү» темасында тегерек стол жана тренинг өткөрүлдү.
Иш-чаралар катышуучулардын маалымдуулугун жогорулатууга, кайтарым байланыштарды чогултууга жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (IFRS) S1 жана S2 стандарттарын киргизүүгө даярдык көрүүгө, анын ичинде 2027-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүү пландаштырылган пилоттук долбоордун алкагында даярдык көрүүгө багытталды.
Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулар Туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык стандарттар кеңешинин (ISSB) туруктуу өнүгүү жана климат жаатындагы маалыматтарды ачып көрсөтүү боюнча негизги талаптарын, олуттуулук концепциясын, өткөөл жеңилдиктерди, ошондой эле улуттук өзгөчөлүктөрдү жана колдонуудагы ESG багыттарын эске алуу менен уюмдарда стандарттарды киргизүү боюнча практикалык кадамдар талкууланды.







