Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу үчүн квалификациялык экзамендерди (аттестацияны) өткөрө баштаганын билдирет.
Экзамен баалуу кагаздар рыногунда иш алып барган адистердин билим деңгээлин жана кесиптик даярдыгын баалоо, ошондой эле алардын белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештигин камсыз кылуу максатында өткөрүлөт.
Квалификациялык күбөлүктү алуу баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын каржы рыногунун ачык-айкындуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.




