Интернет мейкиндигинде жогорку кирешелүүлүктү убада кылган, жабык инвестициялык программаларга катышууну жана кызматташуунун башка түрлөрүн сунуштаган инвестициялык жарнамалар жайылтылууда. Мындай жарнамалар жарандарда аталган долбоорлордун ишенимдүүлүгү жана кирешелүүлүгү тууралуу жаңылыш түшүнүк жаратышы мүмкүн.
Инвестициялык чечим кабыл алардан мурда Финкөзөмөл төмөнкүлөргө көңүл бурууну сунуштайт:
- уюмдун мамлекеттик каттоодон өткөндүгүнө, укуктук статусуна, ошондой эле зарыл болгон лицензияларынын жана уруксаттарынын бар экендигине;
- келишим түзүүнү же акча каражаттарын салууну сунуштап жаткан жактын тиешелүү ыйгарым укуктарынын бар экендигине;
- келишимдин шарттарына, акча каражаттарын пайдалануу жана кайтарып берүү тартибине;
- уюмдун финансылык абалына жана инвестициялоого байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерге.
Маанилүү: Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө мыйзамдарына ылайык, финансылык жана инвестициялык кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектеги натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) боюнча кепилдиктерди, убадаларды же божомолдорду жарнамада көрсөтүүгө жол берилбейт.
Жарнамада жогорку же кепилденген кирешелүүлүктүн көрсөтүлүшү, финансылык терминдердин жана инвестициялык инструменттердин колдонулушу уюмдун ишинин мыйзамдуулугун ырастабайт жана салынган каражаттардын сакталышына кепилдик бербейт.
Финкөзөмөл жарандарды инвестициялык чечим кабыл алардан мурда маалыматты кылдат текшерүүгө жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баалоого чакырат.




