Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) лицензиялануучу ишин жүзөгө ашырган “ТокенСпот” ЖАКтын ишинин токтотулушу жөнүндө (ИНН 01701202410289) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялары боюнча улуттук агенттиги (мындан ары – ВАУА) жарыялады.
ВАУАнын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 7-февралында берилген №007 лицензиянын колдонулушун ыктыярдуу түрдө токтотуу жана 2026-жылдын
12-октябрынан тартып лицензиялануучу тиешелүү ишти жүзөгө ашыруунун токтотулушу жөнүндө өтүнүч менен “ТокенСпот” ЖАК кайрылган.
Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүү шылтоосу менен жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттарын укук ченемдүү эмес тартуу мүмкүнчүлүктөрүнүн алдын алуу, ошондой эле кардарлардын жана кредиторлордун алдындагы милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу максаттарын көздөп, ВАУА тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жөнөткөн.
Ошону менен бирге, банктык төлөөлөрдүн инфратүзүмдөрү аркылуу “ТокенСпот” ЖАКтын пайдасына (тиешелүү келишимдик мамилелер бар болсо) төлөмдөрдүн кабыл алынышын токтотуу боюнча чараларды көрүү сунушу, ошондой эле банктардын алдындагы коомдун аткарбаган акчалай тике милдеттенмелеринин бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды берүү өтүнүчү банктарга берилген болчу.
Ушул айтылгандарга байланыштуу Финкөзөмөл, виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда этият болууга жана уюмдарда уруксат берүүчү тиешелүү документтердин бар экендигин текшерүүгө жеке жана юридикалык жактардын көңүлүн бурат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы №186 Жарлыгына ылайык ВАУА виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты жана жөнгө салууну ишке ашыруучу, анын ичинде тиешелүү реестрлерди жүргүзүүчү жана виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларына карата таасир этүү чараларды колдонуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналаарын кошумча билдиребиз.
Виртуалдык активдерди жеткирип берүү кызмат иштери менен байланышкан маселелер келип чыккан учурда, ВАУАга, анын иш-билгилигинин чектеринде кайрылууну жарандарга Финкөзөмөл сунуш кылат.
Виртуалдык активдер менен жасалуучу операцияларды жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган учурларда, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды эске алууга, рыноктун катышуучуларын жана жарандарды Финкөзөмөл чакырат.




