Кабыл алынган документ менен Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди.
Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо анын негизги функцияларын белгилейт, депозитардык тутумдун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат, мамлекеттик контролду күчөтөт, ошондой эле инвесторлордун укуктарын ишенимдүү коргоону жана ички да, эл аралык да рыноктордо капиталды тартуу үчүн шарттарды камсыз кылат.
Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздарды чыгарууга мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби жөнүндө жобо глобалдык депозитардык тилхаттарды жана эл аралык облигацияларды чыгарууда маалыматтарды ачууга карата так талаптарды белгилөө бөлүгүндө жаңыртылды.
Токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.




