Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) бардык ломбарддарга отчетторду өз убагында жана толук тапшыруу зарылдыгын эскертет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтому менен бекитилген Жобонун 35-пунктуна ылайык, бардык ломбарддар аталган Жобонун 1 жана 11-тиркемелеринде көрсөтүлгөн формалар боюнча кварталдык жана жылдык отчетторду тапшырууга милдеттүү.
Отчеттордо ломбард жөнүндө жалпы маалыматтар, анын ишинин негизги көрсөткүчтөрү, баланстык маалыматтар жана акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар көрсөтүлүшү керек.
Отчетторду тапшыруу мөөнөттөрү:
- Кварталдык отчет – отчеттук мезгил аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде;
- Жылдык отчет – отчеттук жыл аяктагандан кийин 90 күндүн ичинде.
Отчетторго милдеттүү түрдө бухгалтердик баланс, пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет жана капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет тиркелиши керек. Бул документтерде бухгалтердик эсептер планындагы бардык тиешелүү маалыматтар толук көрсөтүлүшү зарыл.
Ломбарддардын ишине натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү, алардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктоо үчүн отчеттордун толук, так жана белгиленген мөөнөттө тапшырылышы маанилүү.
Ушуга байланыштуу, Финкөзөмөл ломбарддардын жетекчилерин отчеттордун өз убагында тапшырылышын, ошондой эле андагы маалыматтардын толук жана туура болушун камсыз кылууга чакырат.
Финкөзөмөл эскертет: отчеттор тапшырылбаса, белгиленген мөөнөттөр бузулса же толук эмес жана туура эмес маалыматтар берилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.




