2024-жылдын апрель айында Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш (IASB) «Финансылык отчеттуулукта маалыматты көрсөтүү жана ачып берүү» аттуу IFRS 18 стандартын чыгарган. Аталган стандарт финансылык отчеттуулукта маалыматты көрсөтүүгө жана ачып берүүгө карата жалпы талаптарды белгилейт.
2024-жылдын май айында IASB «Коомдук отчеттуулукка милдеттүү эмес туунду уюмдар: маалыматты ачып берүү» аттуу IFRS 19 стандартын чыгарган. Аталган стандарт айрым туунду уюмдарга IFRS стандарттарын маалыматты ачып берүүгө карата кыскартылган талаптар менен колдонууга мүмкүндүк берет.
Аталган стандарттар 2027-жылдын 1-январынан же андан кийинки күндөн башталган жылдык отчеттук мезгилдер үчүн күчүнө кирет, мында аларды мөөнөтүнөн мурда колдонууга жол берилет.




