Мыйзам Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан товардык рыноктордун өнүгүшүнүн заманбап тенденцияларын, эл аралык стандарттарды жана улуттук экономиканын муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан.
Мыйзам баалуу кагаздар рыногундагы мыйзамдарды модернизациялоого, товардык биржалардын ишин ачык-айкын жана натыйжалуу кылууга, уюштурулган товардык рыноктун өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, биржалык бүтүмдөрдү ишке ашыруунун заманбап механизмдерин киргизүүгө, ошондой эле биржалык соодага катышуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.
Мыйзамды ишке ашыруу биржалык сооданын заманбап жана натыйжалуу тутумун калыптандырууга, чынчыл атаандаштыкты өнүктүрүүгө, товардык рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, инвестицияларды тартууга, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга жана улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт.
Мыйзамдын күчүнө кириши Кыргыз Республикасынын уюштурулган товардык рыногун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калат, рыноктун катышуучуларынын биржалык инфраструктурага болгон ишенимин жогорулатат, товарлардын натыйжалуу жүгүртүлүшүн камсыз кылат, ишкердикти өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана товардык биржалардын рыноктук экономиканын негизги элементтеринин бири катары ролун бекемдейт.




