Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү жана мониторинг өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдердин жүгүртүлүшү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын бузулган фактыларын аныктаганын маалымдайт.
Жүргүзүлгөн талдоо жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча Финкөзөмөл айрым виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөргө аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана алардын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү жөнөткөн.
Ушуга байланыштуу Финкөзөмөл виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн көңүлүн төмөнкүлөргө бурат:
• Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын так жана сөзсүз сактоо;
• ыйгарым укуктуу органдын көрсөтмөлөрүн жана башка актыларын өз убагында жана толук аткаруу;
• мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө толук, так жана өз убагындагы отчеттуулукту, ошондой эле виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды берүү;
• ички көзөмөл, тобокелдиктерди башкаруу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террордук ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү боюнча талаптарды сактоо.
Финкөзөмөл виртуалдык активдер рыногунун ачыктыгын жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү жана мониторингди мындан ары да улантат.


