Финкөзөмөл жарандарды алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгы тууралуу маалымдайт. Белгилей кетсек, мындай учурларда шылуундар өздөрүн Финкөзөмөл кызматынын, уюлдук байланыш операторлорунун, банктардын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырышууда.
Ушуга байланыштуу жарандардын көңүлүн төмөнкүлөргө бурабыз:
Финкөзөмөл кызматынын, ошондой эле банктардын, уюлдук байланыш операторлорунун жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери телефон аркылуу же мессенджерлер (анын ичинде WhatsApp) аркылуу SMS-коддорду, PIN-коддорду, сырсөздөрдү жана банктык карталардын реквизиттерин сурашпайт;
– аталган уюмдардын өкүлдөрү каржылык маселелерди чечүү үчүн WhatsApp аркылуу чалуу жасашпайт;
– Финкөзөмөл кызматынын кызматкерлери жарандардын банктык эсептери боюнча телефон аркылуу эч кандай операцияларды жүргүзүшпөйт.
Эгерде сизге шектүү чалуу түшсө:
– эч кандай учурда SMS-коддорду, сырсөздөрдү, банктык карталардын маалыматтарын жана башка жеке маалыматтарды бербеңиз;
– сүйлөшүүнү дароо токтотуп, зарыл болсо тиешелүү уюмга расмий байланыш каналдары аркылуу өзүңүз кайрылыңыз.
Финкөзөмөл жарандарды сак болууга жана шылуундардын айла-амалдарына алданбоого чакырат.
Маалыматты тактоо үчүн тиешелүү уюмдардын расмий тейлөө борборлоруна же ишенимдүү байланыш номерлерине кайрылууну сунуштайбыз.
Жеке маалыматтарыңызды жана каржылык коопсуздугуңузду коргоңуз!


