Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финнадзор) «ТенгриКоин» ЖАКка берилген виртуалдык активдердин соода оператору (криптобиржа) ишмердүүлүгүн жүргүзүү лицензиясын чакыртып алуу жөнүндө билдирет.
Виртуалдык активдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 жана 32-беренелерине ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынды. Лицензияны кайтарып алууга виртуалдык активдердин жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын системалуу түрдө бузуу, ыйгарым укуктуу органдын милдеттүү талаптарын аткарбоо, ошондой эле белгиленген отчетторду бербөө негиз болду.
Финкөзөмөл рыноктун бардык катышуучуларына КР мыйзамдарын, анын ичинде отчет берүү эрежелерин жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ченемдерди так сактоо зарылчылыгы жөнүндө эскертет. Ведомство рыноктун ачык-айкындуулугун камсыздоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана финансылык системанын туруктуулугун сактоо максатында рынокту көзөмөлдөөнү улантат.




