2026-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында Финкөзөмөлдүн жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун өкүлдөрү менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында камсыздандыруу секторун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле учурдагы шарттарда рыноктун катышуучулары туш болгон негизги көйгөйлөр каралды. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну (ОСАГО) жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды модернизациялоо маселелерин кошо алганда, камсыздандыруу тармагын мындан ары өркүндөтүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Европротокол механизмин Кыргыз Республикасында киргизүү боюнча сунуштар өзүнчө талкуу бөлүгү катары каралып, ал жол-транспорт кырсыктарын каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө жана камсыздандыруу учурларын жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталгандыгы белгиленди.
Тараптар тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, камсыздандыруу процесстеринин ачыктыгын жогорулатуу жана камсыздандыруу кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү максатында мамлекеттик жөнгө салуучу орган менен камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын ортосунда системалуу диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Атап айтканда, камсыздандыруу компаниялары жөнүндө маалыматты кеңейтүү жана актуалдаштыруу, камсыздандыруу кызматтарынын керектөөчүлөрү үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле рыноктун катышуучулары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу бөлүгүндө Финкөзөмөлдүн расмий сайтын өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары тарабынан учурдагы рыноктук шарттарды жана Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу тутумун андан ары өнүктүрүү зарылдыгын эске алуу менен милдеттүү камсыздандыруу ОСАГО боюнча учурдагы тарифтерди кайра карап чыгуу боюнча сунуштар айтылды.
Талкуунун жүрүшүндө айрым тобокелдик түрлөрү боюнча камсыздандыруу пулун түзүү, кайра камсыздандыруу механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле камсыздандыруу уюмдарынын инвестициялык портфелин түзүүгө жана жайгаштырууга болгон мамилелерди кайра карап чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар ошондой эле камсыздандыруу рыногунун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын айрым жоболорун талкуулашты жана каржы секторун өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларын эске алуу менен аларды андан ары өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында камсыздандыруу рыногунун өкүлдөрү камсыздандыруу секторунун учурдагы ишмердүүлүгүнө жана колдонуудагы мыйзамдарды колдонуу тажрыйбасына тиешелүү кызыккан суроолорун беришти. Талкуунун жүрүшүндө тараптар камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын айрым нормаларын, анын ичинде аларды мындан ары өркүндөтүү маселелерин да деталдуу карап чыгышты. Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүгө жана жөнгө салуучу орган менен рыноктун кесипкөй катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган ачык жана конструктивдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.


