Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы интернет аркылуу мыйзамсыз лотереяларды өткөрүү фактыларынын көбөйүшүнө көңүл бурдурат. Бул лотереяларды алдамчылар уюштурушат, алар ар кандай интернет аянтчаларын колдонуп, жарандарды мыйзамга ылайык келбеген оюндарга катышуу үчүн машинелерди, чоң суммадагы акчаны же баалуу сыйлыктарды “утуштурууну” сунушташат.
Мыйзамсыз лотереялардын негизги белгилери:
1. Лотерея өткөрүүгө уруксат жок.
2. Катышуу же сыйлык алуу үчүн акча каражаттарын киргизүү/которуу талабы.
3. Лотереянын эрежелери, утушту алуу шарттары жөнүндө маалыматтын жоктугу.
4. Чоң суммадагы акчалай сыйлыктарды же баалуу сыйлыктарды алууну убада кылуу.
Эгер сиз мындай лотереяга туш болсоңуз эмне кылсаңыз болот:
– Шектүү лотереялардын уюштуруучуларына жеке маалыматтарыңызды же акчаңызды бербеңиз.
– Эгер оюндан шектүү болсоңуз, андан баш тартыңыз.
– Түшүндүрмө алуу же арыз жазуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылыңыз.
Өзүңдү кантип коргосоң болот?
– Лотереяны уюштуруучулардын тиешелүү лицензиясы бар экендигин текшериңиз.
– Лотереянын мамлекеттик реестрде катталган-катталбаганын текшериңиз.
– Чын болушу үчүн өтө эле жакшы көрүнгөн сунуштардан сак болгула.
Биздин максатыбыз – жарандарды лотереядагы алдамчылыктан коргоо жана лотереялык иштин чынчыл жана ачык-айкын жүргүзүлүшүн колдоо. Эгер сизде лотереянын мыйзамдуулугу боюнча күмөн саноолор болсо, бизге кайрылыңыз.
Байланыш үчүн:
Телефон: 0312 66 29 85 (Банктык эмес финансылык уюмдарды жөнгө салуу бөлүмү)
Электрондук почта: fsa@fsa.gov.kg
Расмий сайты: www.fsa.gov.kg
Өзүңөргө кам көргүлө жана сак болгула!
Төмөндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруучуларын жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткан мыйзамсыз лотереялардын тизмеси келтирилген:
– «Сонун шанс» лотереясы;
– «Lo.to6145» лотереясы;
– «Ишеним» лотереясы;
– «Береке» лотереясы.



