Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу уюмдары үчүн финансылык жана башка отчеттуулуктун тизмесин, ошондой эле формаларын бекитти.
Тиешелүү буйрук Кыргыз Республикасынын «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандырууга, жүктөлгөн камсыздандырууга жана аннуитеттик камсыздандырууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомунун жоболорун ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Кабыл алынган документ менен:
- камсыздандыруу уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүн камтыган бир катар тиркемелерди камтыган ай сайынкы отчеттуулуктун формалары бекитилди;
- компаниялардын финансылык абалына жана туруктуулугуна комплекстүү баа берүүнү камсыз кылган квартал сайынкы отчеттуулуктун формалары бекитилди;
- отчеттуулукту Финкөзөмөлгө кагаз жана электрондук форматта (Excel) берүү тартиби белгиленди.
Буйрукка ылайык:
- ай сайынкы отчеттуулук отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирилбестен берилиши керек;
- квартал сайынкы отчеттуулук отчеттук квартал аяктагандан кийин 15 жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилиши керек;
- камсыздандыруу уюмдары жыл сайын каржылык отчеттуулук менен бирге жаңы каржы жылы башталгандан тартып 120 күнгө чейинки мөөнөттө аудитордук корутунду берүүгө милдеттүү.
Буйрукту кабыл алуу төмөнкүлөргө багытталган:
- • камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатуу;
- • көзөмөл функциясын жана камсыздандыруу рыногунун финансылык абалына мониторинг жүргүзүүнүн сапатын күчөтүү;
- • берилген маалыматтардын салыштырмалуулугун жана толуктугун камсыз кылуу;
- • такафул жана ренталык камсыздандыруу сегменттерин кошо алганда, камсыздандыруу секторун андан ары өнүктүрүү.
Финкөзөмөл бирдиктүү отчеттуулук формаларын киргизүү тобокелдиктерди талдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана камсыздандыруу тармагындагы мүмкүн болуучу көйгөйлөргө өз убагында жооп кайтарууга мүмкүндүк берерин белгилейт.




