2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) Биржалардын эл аралык ассоциациясынын жана Москва биржасынын өкүлдөрү менен кеңейтилген жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу конструктивдүү жана мазмундуу форматта өттү жана биржалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун институционалдык потенциалын чыңдоого багытталган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар биржалык инфраструктураны модернизациялоонун негизги багыттарын, анын ичинде алдыңкы санариптик чечимдерди киргизүүнү, соода процесстеринин ачыктыгын жогорулатууну, тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин өнүктүрүүнү жана рыноктун туруктуу ликвиддүүлүгүн камсыз кылууну кеңири талкуулашты. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салууну өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Финкөзөмөлдун төрагасы К.А. Маматов эффективдүү жана ачык-айкын биржалык инфраструктураны өнүктүрүү финансы рыногу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана алдыңкы чечимдерди улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ыңгайлаштыруу өзгөчө мааниге ээ.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана эл аралык финансылык мейкиндикке интеграциялоого багытталган кызматташтыктын конкреттүү багыттарын иштеп чыгууну камтыган өнөктөштүктү тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Финкөзөмөл өлкөнүн туруктуу, ачык-айкын жана динамикалуу өнүгүп жаткан финансы рыногун камсыз кылуу менен жөнгө салуунун заманбап ыкмаларын киргизүү жана биржалык экосистеманы өнүктүрүү боюнча ырааттуу ишин улантат.




