Маматов Кайрат Адамкалиевич
Маматов К.А. 1981-жылдын 26-февралында туулган. Финансы секторунда да, коомдук ишмердүүлүк чөйрөсүндө да олуттуу иш тажрыйбасына ээ. Кыргыз Республикасынын экономикасынын отличниги.
Билими
2003-ж. — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Финансы жана кредит» факультетин бүтүргөн.
2013-ж. — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «Юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгү
2026-жылдын 16-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
2024–2026-жж. — «Кыргызкөмүр» ААКнын (ММ «Кыргызкөмүр») башкы директору;
2020–2021-жж. — «РСК Банк» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы;
2020-ж. — «РСК Банк» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү, Тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасы, Аудит боюнча комитеттин мүчөсү;
2019–2020-жж. — «Капитал Банк Борбордук Азия» ААК Башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси;
2019–2020-жж. — «Кайнар» ЖАКнын финансылык директору;
2013–2019-жж. — «Айыл Банк» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы;
2010–2013-жж. — «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» МКК ААКнын башкармалыгынын төрагасы;
2008–2010-жж. — «Кайнар» ААКнын финансылык директору, директору;
2007–2008-жж. — «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» МКК ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, башкармалыгынын төрагасы;
2006–2007-жж. — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын иш башкаруучусу;
2004–2006-жж. — «Дентал системс» ЖЧКсынын башкы директору, финансылык директору;
2003–2005-жж. — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Стоматология» ААКТнын менеджери;
2001–2002-жж. — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде стажёр.
Коомдук ишмердүүлүгү
2021–2026-жж. — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) мүчөсү;
2012–2021-жж. — Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы;
2011–2012-жж. — Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
2007–2008-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын коомдук башталыштагы жардамчысы;
2006–2012-жж. — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ОЗиЗ кафедрасында экономика боюнча окутуучу.
Сыйлыктары жана сыйлоолору
2011-ж. — Мамлекеттик мүлк министринин Ыраазычылык каты
2012, 2015-жж. — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Ардак грамотасы
2014, 2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы
2014-ж. — «Кыргыз Республикасынын экономикасынын отличниги» төш белгиси
2016-ж. — Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы
2016-ж. — «Бишкек шаарынын патриоту» төш белгиси
2017-ж. — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
2023-ж. — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85 жылдыгына карата медаль
2024-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 90 жылдыгына карата медаль


