Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2026-жылдын 9-апрелинде товардык биржалардын ишин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана өлкөдө биржалык сооданы өнүктүрүүгө багытталган “Товардык биржалар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоору товардык биржалардын, биржалык сооданын катышуучуларынын ишин, ошондой эле электрондук түрдө биржалык сооданы уюштуруу жана өткөрүү механизмдерин жөнгө салуучу заманбап нормативдик базаны түзүүнү карайт. Документ товардык биржанын укуктук статусун, анын ишине, рыноктун катышуучуларына жана ички жөнгө салуу системасына карата талаптарды аныктайт.
Мыйзам долбоорунун негизги жоболорунун катарында:
– биржалык товарларга баа белгилөөнүн ачык-айкын механизмдерин киргизүү;
– товардык биржалардын финансылык туруктуулугуна талаптарды белгилөө;
– товардык биржалардын жана рыноктун катышуучуларынын ишин мамлекеттик жөнгө салуу;
– бүтүмдөрдүн аткарылышын камсыз кылуу үчүн кепилдик фонддорду түзүү;
– электрондук соода системаларын өнүктүрүү;
– товардык биржалар аркылуу мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү;
– товардык биржалар аркылуу сатылууга тийиш болгон товарлардын тизмесин бекитүү.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу товардык рыноктордун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартууга багытталган.
Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен улантылат.



