Кыргыз Республикасында компанияларды башкаруунун заманбап жана жоопкерчиликтүү ыкмаларын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган жаңыртылган Корпоративдик башкаруу кодекси кабыл алынды. Кодексте туруктуу өнүгүү, адам укуктарын сактоо, акционерлердин кызыкчылыктарын коргоо жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү маселелерине көңүл бурулат.
Жаңыртылган Кодексте компаниянын узак мөөнөттүү туруктуулугуна жана наркына таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык, социалдык жана климаттык тобокелдиктерди эске алуу каралган. Ошондой эле коррупциянын алдын алуу, кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу, ички контролдоо механизмдерин колдонуу боюнча заманбап ыкмалар камтылды.
Жаңыртылган Кодексти колдонуу компаниялардын ишинин ачык-айкындуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатууга, акционерлердин кызыкчылыктарын коргоону күчөтүүгө жана Кыргыз Республикасында туруктуу корпоративдик башкарууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.




