2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан “Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандырууга, жүктөлгөн камсыздандырууга жана аннуитеттик камсыздандырууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө ” токтом кабыл алынды.
Кабыл алынган ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүгө, эл аралык практикага ылайык келген финансылык инструменттерди кеңейтүүгө, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.
Токтомго ылайык, ислам принциптери боюнча (такафул) камсыздандыруунун объектиси болуп камсыздандыруучулардын (катышуучулардын) такафул операторунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген милдетине байланыштуу мүлктүк кызыкчылыгы саналат, ал такафул келишиминде каралган камсыздандыруу учуру келип чыкканда өмүргө, ден соолукка жана материалдык баалуулуктарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу болуп эсептелет.
Такафулдук камсыздандыруунун негизги максаты – белгилүү бир тобокелдиктерге дуушар болгон такафул фондунун катышуучуларынын зыянды биргелешип жабуу жөнүндө өз ара макулдашуусу. Бул механизм ыктыярдуу төгүмдөрдү (табарру) төлөө аркылуу ишке ашырылат, анын эсебинен такафул фонду түзүлөт. Фонддун каражаттары камсыздандыруу учурлары келип чыкканда катышуучуларга зыяндын ордун толтурууга жумшалат, бул өз ара жардамдашуу, тилектештик жана адилеттүүлүк принциптерин чагылдырат.
Токтом менен ошондой эле жүктөлгөн камсыздандырууга карата талаптар белгиленген. Атап айтканда, типтүү келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен камсыздандыруунун бир же бир нече түрүнүн алкагында иштелип чыгаары каралган. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишимдер тиешелүү лицензиясы бар камсыздандыруу уюмдары менен гана түзүлүшү мүмкүн.
Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча камсыздандырылуучулар болуп камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жеке жана юридикалык жактар саналат.
5. Жүктөлгөн камсыздандырууга төмөнкүлөр кирет:
1) ломбард күрөөгө же сактап берүүгө кабыл алган күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу;
2) туристтерге карата (медициналык же кырсыктан) туроператорлордун жоопкерчилигин камсыздандыруу;
3) жеке нотариустун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
4) баалоочунун же баалоо уюмунун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
5) риэлторлордун кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу;
6) депозитарийдин жана башкаруу компаниясынын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
7) лизинг келишиминин бүткүл мөөнөтүнө лизинг предметин камсыздандыруу;
8) аба кемесинин менчик ээсинин же эксплуатантынын жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө же ден соолугуна, багажына жана жүргүнчүлөрдүн колундагы буюмдарга, жүккө же почтага, аба кемесинин экипажынын мүчөлөрүнө, авиациялык персоналына, ошондой эле аба кемесин эксплуатациялоого байланыштуу ишти жүзөгө ашыруу процессинде үчүнчү тараптарга келтирилген зыян үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
9) аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу.
Жобо менен ошондой эле жүктөлгөн, исламдык жана аннуитеттик камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензияларды банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бере тургандыгы белгиленген.
Мындан тышкары, исламдык камсыздандыруунун алкагында иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарына ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өз ишин ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын талаптарына ылайык келтирүү сунушталды.
Бул токтомду кабыл алуу камсыздандыруунун туруктуу жана ачык-айкын системасын түзүүгө, исламдык финансылык инструменттерди өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.



