Интернет желесинде социалдык тармактар аркылуу “Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын” атынан мамлекеттик символика жана кызмат адамдарынын сүрөттөрү колдонулган жалган маалыматтар таралууда. Шылуундар тарабынан Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Пирназаров Марат Түгөлбаевичтин аты жөнүн, сүрөтүн колдонуу менен ишкердик субөектилерине карата улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан текшерүү жүргүзүлөрүн билдирип, акча-каражатын талап кылган маалыматтар чындыкка дал келбейт.
КР Экономика жана коммерция министрлиги, Финкөзөмөл кызматы жана бул органдардын кызматкерлери аталган ишмердүүлүккө тиешеси жок эендигин расмий билдирет.
Жарандарга эскертебиз:
Ишенимсиз булактардан алынган маалыматка ишенбеңиздер.
Шектүү шилтемелерге кирбеңиздер жана жеке маалыматыңызды белгисиз адамдарга бербеңиздер.
Шек жаралган учурда расмий мамлекеттик органдарга кайрылыңыздар.
Так маалымат алуу үчүн КРЭКМ жана Финкөзөмөл кызматынын расмий ресурстарын гана колдонууну сунуштайбыз.