Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары — Финкөзөмөл) Мамлекеттик лотерея компаниясына карата пландан тышкаркы текшерүү иштери башталгандыгын маалымдайт.
Текшерүүнүн алкагында Финкөзөмөлдүн адистери Мамлекеттик лотерея компаниясынын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын лотерея иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча баалашат.
Кызмат текшерүүнү бекитилген ченемдик укуктук актыларга жана мамлекеттик көзөмөлдүн регламенттерине так ылайык жүргүзөт. Текшерүү иш-чаралары аяктап, алынган маалыматтар талдангандан кийин кызыкдар тараптарга жыйынтыктар жөнүндө белгиленген тартипте маалымат берилет.
• Телефон: 0312 66 29 85 (БФУну жөнгө салуу бөлүмү)
• Электрондук почта: fsa@fsa.gov.kg
• Расмий сайт: www.fsa.gov.kg




