2026-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) коммерциялык уюмдардын ишине эл аралык ак ниет башкаруу стандарттарын жана корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү маселелерине арналган маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы
№ 137 Жарлыгы менен бекитилген, коммерциялык уюмдардын жетекчилери жана менеджерлери үчүн адилеттүү башкаруунун кесиптик стандарттарын киргизүүнү караган Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Иш-чарада CERT International компаниясынын, Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын, Финкөзөмөлдүн өкүлдөрү, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, камсыздандыруу уюмдарынын, банктардын, ломбарддардын, лизинг компанияларынын, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун жана кумар бизнеси чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында CERT International эл аралык сертификация органынын өкүлү Ильдар Инелеев ISO 37001 «Коррупцияга каршылык көрсөтүү системалары» эл аралык стандартынын негизги талаптары, аны киргизүүнүн артыкчылыктары, ошондой эле колдонуу жана сертификациялоо боюнча практикалык аспектилери тууралуу маалымат берди.
Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы К. Ж. Итибаев корпоративдик башкаруунун коррупциянын алдын алуу куралы катары маанисин, жетекчилердин кесиптик компетенттүүлүгүн жана туура башкаруу практикаларын киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул маселелерди чагылдырды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 624 токтомун ишке ашырууна алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектөөчү адиси Д.У. Джумабеков Кыргыз Республикасынын бизнес чөйрөсүндө ишкердик этиканын принциптерин киргизүү, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди балоо жана минималдаштыруу боюнча сунуштамаларга арналган презентация жасады.
Жолугушууда катышуучулар эл аралык стандарттарды колдонуунун практикалык маселелерин талкуулоого, корпоративдик башкаруу жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жаатында пикир алмашууга жана тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү коммерциялык уюмдардын жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын адилеттүү башкаруунун заманбап ыкмалары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга, эл аралык тажрыйбаны жайылтууга жана ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү бизнести жүргүзүү маданиятын калыптандырууга багытталган.
Финкөзөмөл финансы рыногунун катышуучуларынын маалымдуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасында корпоративдик башкаруунун алдыңкы тажрыйбаларын киргизүүгө көмөктөшүү боюнча ишин улантат.




