2026-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (Финнадзор) төрагасы Маматов Кайрат Адамкалиевич Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) Бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык жумушчу тобу (ISAR) тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышты. Иш-чаралар Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында өттү.
Иш-чаралардын алкагында 2026-жылдын 29-сентябрында туруктуу өнүгүү жаатындагы маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча жалпы таанылган талаптарды, анын ичинде мамлекеттик сектордо ишке ашыруу үчүн жөнгө салуучулук, институционалдык жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө арналган иш-чара өткөрүлдү.
2026-жылдын 30-сентябрынан 2-октябрына чейин ISARдын 43-сессиясы өтүп, анда финансылык отчеттуулукту өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелери, финансылык отчеттуулук менен туруктуу өнүгүү жаатындагы отчеттуулуктун өз ара байланышы, ошондой эле микро, чакан жана орто ишканалардын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жаатындагы муктаждыктары каралды.
ISARдын 43-сессиясынын жүрүшүндө Финнадзордун төрагасы К.А. Маматов «Корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана туруктуу өнүгүү боюнча отчеттуулукту өнүктүрүү» темасында баяндама жасады. Баяндамада корпоративдик финансылык маалыматты даярдоо жана ачыкка чыгаруу ыкмаларын өркүндөтүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү жаатындагы отчеттуулукту өнүктүрүү маселелери козголду.
ISARдын иш-чараларына катышуу эл аралык тажрыйба алмашууга, бухгалтердик эсеп жана корпоративдик отчеттуулук жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, ошондой эле туруктуу өнүгүү жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча эл аралык талаптарды ишке ашыруу ыкмаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.




