2026-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Туристтерге карата туроператорлордун жоопкерчилигин жүктөлгөн камсыздандыруу (медициналык же кырсыктан) эрежелерин бекитүү жөнүндө” № 593 токтомун кабыл алды..
Кабыл алынган чечим туристтерди жүктөлгөн камсыздандыруунун укуктук механизмин белгилөөгө жана алардын камсыздандыруу коргоосун камсыз кылуу боюнча туроператорлордун милдеттерин аныктоого багытталган.
Токтомду ишке ашыруу туристтердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо деңгээлин жогорулатууга, медициналык жардам көрсөтүүгө жана кырсыктардын кесепеттерине байланыштуу чыгымдардын ордун жабууга, ошондой эле камсыздандыруу учурлары келип чыкканда туристтердин финансылык тобокелдиктерин азайтууга мүмкүндүк берет.
№ 593 токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.




