2026-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 708 «Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”
№ 554 токтому кабыл алынды.
Кабыл алынган токтом автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну (ОСАГО) жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардагы ички карама-каршылыктарды жоюуга жана камсыздандыруу төлөмдөрүн аныктоодо бирдиктүү мамилени камсыз кылууга багытталган.
Кабыл алынган чечим ОСАГО чөйрөсүндөгү ченемдик жөнгө салууну бирдиктүү мамилеге келтирүүгө, камсыздандыруу суммасын аныктоодо кайталоолорду жана мүмкүн болгон айырмачылыктарды жоюуга, ошондой эле камсыздандыруучулар жана жабыр тарткандар үчүн укуктук тактыкты жогорулатууга мүмкүндүк берет. № 554 токтому расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.




