Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 «Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен төмөнкүлөр бекитилди:
1) Топтолмо пенсиялык фонддорго кызмат көрсөтүүчү депозитарийдин ишине коюлуучу талаптар жөнүндө жобо;
2) Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби тууралуу жобо;
3) Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
4) Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелери;
5) Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөөнүн тартиби;
6) Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишими;
7) Депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим.
Топтолуучу пенсиялык фонддорду өнүктүрүүнү стимулдаштыруу, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу, пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоонун натыйжалуу системасын түзүү аркылуу алардын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы
№ 704 токтому менен бекитилген «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу токтомдун максаты жана милдеттери болуп саналат.
Бекитилген ченемдик укуктук актылардын алкагында, пенсиялык топтоолордун каражаттарын кошумча финансылык инструменттерге, анын ичинде баалуу металлдарга (алтын, күмүш, платина), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражат салуучу индекстик инвестициялык фонддордун үлүштөрүнө (акцияларына, үлүштөрүнө) инвестициялоо каралган.
Инвестициялык инструменттердин тизмесин кеңейтүү инвестициялык портфелди диверсификациялоо, пенсиялык активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кирешелүүлүк жана тобокелдиктерди башкаруу принциптерин эске алуу менен аларды жайгаштыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу пенсиялык топтоолордун каражаттарынын өсүшүн жана сакталышын камсыз кылууга багытталган.




