Урматтуу жарандар! Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы социалдык тармактардын мониторингин жүргүзүүнүн алкагында лотереялык уюмдардын фирмалык логотиптерин мыйзамсыз пайдалануу фактыларын каттады.
Белгисиз адамдар бүгүнкү күндө “Кей Джи Лотерея” жана “Кыргызлото” операторлорунун логотибин колдонуп, социалдык тармактар аркылуу биздин өлкөнүн колдонуучуларына багытталган максаттуу жарнамаларды ишке киргизип, Кыргыз Республикасынын жарандарын адаштырууда. Ушундай жагдайга туш болсоңуз, эмне кылсаңыз болот?
• Шектүү лотереялардын уюштуруучуларына жеке маалыматтарыңызды же акчаңызды бербеңиз.
• Лотереянын Финнкөзөмөлдүн расмий регистринде катталганын текшериңиз.
• Эгер оюндан шектенип жатсаңыз, андан баш тартыңыз.
• Түшүндүрмө алуу же арыз жазуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылыңыз.
• Шектүү шилтемелерди колдонбоңуз. Интернеттеги алдамчылыктын көбөйүшүнө байланыштуу шектүү жоомарт сунуштарга туш болгондо потенциалдуу тобокелдиктерди катуу баалоо керектигин эскертебиз. Биздин максатыбыз – жарандарды лотереядагы алдамчылыктан коргоо жана лотереялык иштин чынчыл жана ачык-айкын жүргүзүлүшүн колдоо. Эгер сизде лотереянын мыйзамдуулугу боюнча күмөн саноолор болсо, бизге кайрылыңыз.




