Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдердин жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) «Олимп Финанс Плюс» ЖЧКсына виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жүзөгө ашырууга мурда берилген лицензиянын колдонулушун убактылуу токтотту.
Финкөзөмөл виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салган мыйзамдардын талаптарын так сактоо, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген милдеттерди ак ниеттүү аткаруу зарылдыгын эскертет.
Финкөзөмөл виртуалдык активднрдин жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөнү мындан ары да улантып, мыйзам бузууларга жол берген субъекттерге карата мыйзамда каралган чараларды көрөт. Бул мыйзамдуулукту камсыз кылууга, рыноктун ачыктыгын жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана Кыргыз Республикасынын финансы секторунун туруктуу өнүгүшүнө багытталган.




