2026-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан №219 «Актуарлардын жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жана Актуарлардын жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымды белгилөө жөнүндө» токтому кабыл алынган.
Кабыл алынган ченемдик укуктук акт актуарлардын жана камсыздандыруу брокерлеринин ишин эсепке алуу жана жөнгө салуу тутумун өркүндөтүүгө, камсыздандыруу рыногунун ачыктыгын жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу секторунун кесиптик катышуучуларынын ишине мамлекеттик натыйжалуу контролду камсыз кылууга багытталган.
Токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн актуарийлерди жана камсыздандыруу брокерлерин эсепке алуу, каттоо жана кайра каттоо механизмин аныктоочу Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди.
Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн актуарийлерди жана камсыздандыруу брокерлерин эсепке алуу, каттоо жана кайра каттоо механизмин аныктоочу Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди.
Токтом менен ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрди каттоо жана жүргүзүү үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү белгиленген. Атап айтканда, төмөнкүлөр каралган:
– Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жана кайра каттоо үчүн бир жолку жыйым – актуарийлерден 10 эсептик көрсөткүч жана камсыздандыруу брокерлеринен 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
– Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жылдык жыйым – актуарийлерден 10 эсептик көрсөткүч жана камсыздандыруу брокерлеринен 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
Бирдиктүү мамлекеттик реестрди киргизүү камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары жөнүндө маалыматтарды системалаштырууга, камсыздандыруу ишинин субъекттери жөнүндө маалыматтын аныктыгын жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул токтомду кабыл алуу камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларын эсепке алуунун ачык-айкын жана натыйжалуу тутумун түзүүгө, алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу тармагына болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.




