Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын бухгалтер жана аудитор күнү менен куттуктайбыз!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-мартындагы № 116 токтому менен негизделген бул майрам сиздердин кесибиңиздин маанилүүлүгүн жана анын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү негизги ролун баса белгилейт. Бүгүнкү күндө дагы, мурдагыдай эле, биз каржы процесстеринин ачыктыгын, мыйзамдардын сакталышын жана экономикалык системанын туруктуулугун камсыз кылган адистердин салымын белгилейбиз.
Экономикалык чөйрөнүн динамикалуу өзгөрүшү шартында сиздердин кесиптик ишмердүүлүгүңүздүн мааниси жогорулайт. Сиздердин компетенттүүлүгүңүздөн, принциптүүлүгүңүздөн жана жоопкерчилигиңизден каржылык отчеттуулуктун сапаты, институттарга болгон ишеним жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу көз каранды.
Сиздердин каржы рыногун өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз, ак ниет эмгегиңиз жана жогорку кесиптик стандарттарга берилгендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге бакубат жашоо, кесиптик өсүү, эртеңки күнгө ишеним жана жаңы ийгиликтерди каалайбыз! Сиздердин ишмердүүлүгүңүз мындан ары да каржылык тартипти чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзө берсин.




