Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) интернет тармагында таратылып жаткан мыйзамсыз лотереялык схемаларды аныктоого, бөгөт коюуга жана токтотууга багытталган иш – чараларды улантууда.
Мыйзамсыз лотереялар “оюн” деген ат менен жамынып, автоунаа, акчалай суммалар жана башка баалуу байгелерди утуп алууну убада кылып, алдамчылык мүнөздөгү аракеттерди жасашат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузушат жана жарандардын финансылык коопсуздугуна коркунуч жаратышат.
Мыйзамсыз лотереялардын белгилерин тараткан интернет – платформалар аныкталды.
Финкөзөмөл мониторинг жүргүзүү учурунда төмөнкү ресурстарды аныктады:
1. “Dasmia” фитнес-клубу
2. “Бишкек Парк” соода борбору
3. “Миллион ТВ” YouTube каналы
4. “Тулпар ТВ” YouTube каналы
5. “Аселден Белек” YouTube каналы
6. “Мээрим ТВ” YouTube каналы
Финкөзөмөл бул аянтчалардын лотереялык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксаты жок экендигин жана алардын ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз ойнотуулардын белгилери бар экендигин эскертет.
Мыйзамсыз интернет – лотереяны кантип таануу керек Укукка каршы ишмердүүлүктүн негизги белгилери:
• лотереяны өткөрүүгө уруксаттын жоктугу;
• катышуу же “утушту” алуу үчүн акча каражаттарын которууну талап кылуу;
• расмий эрежелердин, мөөнөттөрдүн жана өткөрүү шарттарынын жоктугу;
• мыйзамдуу негиздерсиз автоунааларды, ири акчалай суммаларды жана башка баалуу байгелерди убада кылуу.
Финкөзөмөлдүн жарандарга сунуштары:
1. Шектүү онлайн-лотереялардын уюштуруучуларына жеке маалыматтарды жана акча каражаттарын бербөө.
2. Социалдык тармактар, мессенджерлер жана видеоплатформалар аркылуу таратылган шектүү ойнотуктарга катышпоо.
3. Мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктүн белгилери аныкталган учурда Финкөзөмөлгө же укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүү.
Өзүңүздү кантип коргоо керек:
• лотерея өткөрүүгө уруксаттын бар экенин текшериңиз;
• лотереянын расмий реестрлерде катталгандыгын тактаңыз;
• чындыгынан да өтө пайдалуу көрүнгөн сунуштардан алыс болуңуз;
• маалыматтын расмий булактарына гана ишениңиз.
Финкөзөмөл жарандарды сак болууга, мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүк фактылары жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында билдирүүгө жана мындай схемаларды уюштуруу жана аларга катышуу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келерин эстен чыгарбоого чакырат.
Байланыш маалыматы:
Телефондор: 96-13-04, 66-45-13 (Банктык эмес финансы уюмдарын жөнгө салуу департаменти)
Электрондук почта: fsa@fsa.gov.kg
Расмий сайт: www.fsa.gov.kg
Өзүңүздү сактаңыз жана этият болуңуз!




